Ажылык сапарга баруу үчүн кезекке тургандардын саны 1605ден ашты

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМекке. Архив
Мекке. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтият каттоо иштеринин аякташына аз күн калгандыктан сапарга барууну каалагандарды шашылууга чакырат.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Ажылык сапарга баруу үчүн документтерин толук түрдө тапшырып электрондук кезекке тургандардын саны 1605ден ашканын муфтияттан кабарлашты. 

Учурда каттоо иши өлкө аймагындагы 32 пунктта жүргүзүлүп жатат. 

"Ажыга баруу боюнча суроолор менен кайрылып жаткан жарандарга жардам берип жатабыз. Каттоо иштери 14 күндөн кийин жыйынтыкталат", — деп айтылат маалыматта. 

Муфтият каттоо иштеринин аякташына аз күн калгандыктан сапарга барууну каалагандарды шашылууга чакырат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0