Унаа токтотуучу жайлардын эң кымбаты Бишкектин борбордук көчөлөрүндө болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө токтоп турган унаалар. Архив
Көчөдө токтоп турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылдан бери муниципалдык унаа токтотуучу жайлар тарифтик саясаттын жоктугуна байланыштуу бекер болчу. Азыр аны Бишкек шаардык кеңеш карап жатат. Болжолдуу түрдө ал жактагы баа 10 сомдон 40 сомго чейинки бааны түзмөкчү.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын ар кайсы бөлүгүндөгү унаа токтотуучу жайлардын баасы бири-биринен айырмаланып турат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат жыйынында унаа токтотуучу жайды куруу боюнча сынактын жеңүүчүсүнүн өкүлү Самат Сакбаев билдирди.

Ал убакыттын өтүшү менен шаардын башка бөлүктөрүнө да унаа токтотуучу жай куруу боюнча сынактар өтөрүн айтып берди.

"Унаа токтотуучу жайлар атайын унаа көп жүргөн, автотыгын көп жаралган жерлерге курулат", — деди Сакбаев.

Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, кийинки сынакты ким жеңсе да унаа токтотуу жайларынын баасы арзандабайт.

Платные парковки в центре Москвы - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин кайсы көчөлөрүндө көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар курулат — долбоор
"Бишкектеги ачык унаа токтотуу жайлары" аттуу мэриянын алгачкы долбоору унаалар көп жерлердеги тыгынды жөнгө салуу максатында сунушталган. Сынактык комиссия унаа токтотуучу алгачкы жай Шопоков көчөсүнүн жээги менен Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки аралыкка куруу чечимин кабыл алды. Ижара аянтын камсыз кылуу боюнча сынакты жеке ишкер Сергей Попов жеңип алган.

Ошондой эле мэриянын маалымат катчысы Гуля Алмамбетова билдиргендей, 2014-жылдан бери муниципалдык унаа токтотуучу жайлар тарифтик саясаттын жоктугуна байланыштуу бекер болчу. Азыр аны Бишкек шаардык кеңеш карап жатат. Болжолдуу түрдө ал жактагы баа 10 сомдон 40 сомго чейинки наркты түзмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0