БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Тынбай жааган кардан улам Кыргызстандын аймагындагы айрым кан жолдор жабык турат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 223-226-246-255-чакырымдарында, Казарман-Акталчат 44-45-чакырымдарында, Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кировка унаа жолунун 75-76-чакырымдарында, Арал — Миң-Куш унаа жолунун 0,3 – 9-чакырымдарында, Суусамыр — Талас-Тараз унаа жолунун 9-10-чакырымдарында, Кочкор — Арал — Суусамыр — Төө-Ашуу унаа жолунун 154-155-чакырымдарында кар көчкү түшкөн.
Учурда ӨКМдин аймактык куткаруучулары менен Жарандык коргонуу кызматы жолдорду тазалап жатат.
Ал эми Казарман — Акталчат, Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кировка, Арал — Миң-Куш, Суусамыр — Талас — Тараз, Кочкор — Арал — Суусамыр — Төө-Ашуу унаа жолдору ачыла элек. Аталган жолдордогу карды тазалоо иштери улантылууда.