Бишкектин көчөлөрүнө 325 тонна кум, 25 тонна туз чачылды

Жазылуу
Бишкек шаарынын көчөлөрү мурдагы күндөрү катуу жааган кардан тазаланып жатат.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Өткөн суткаларда калың жааган кардан улам Бишкектин көчөлөрүнө 325 тонна кум, 25 тонна туз чачылып, тазалоого 18 атайын техника, үч кар сузгуч тартылгандыгын шаар мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Карды тазалоо боюнча "Тазалык" ишканасы менен жергиликтүү территориялык башкармалыктардын жумушчулары иштеп жатышат. Биринчи май районунда — 144, Ленин районунда — 93, Свердлов районунда – 120 жана Октябрь районунда — 86 адам көчө тазалоого чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, кайсы бир жерди тазалап, кум же туз септирүүнү сурангыңыз келсе, ал жердин сүрөтү менен WhatsApp мессержери аркылуу төмөндөгү номурларга кайрылсаңыз болот:

  • Аскат Карынбаев (Ленин району) — ‪0557 997 927;
  • Таалайбек Акматбаев (Октябрь району) — ‪0554 955 509;
  • Руслан Шарапов (Биринчи май району) — ‪0558 336 640;
  • Марат Матмусаев (Свердлов району) — ‪0555 447 154.

Мындан тышкары, 185 жана 1840 номерлерине чалып (күнү-түнү) же 0554 182-185 номуруна сүрөт жиберип кат калтырсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0