Нарында аз камсыз болгон 200 үй-бүлөгө бекер көмүр таратылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОбогатительная фабрика "Каскад" ОАО "Кузбасская топливная компания"
Обогатительная фабрика Каскад ОАО Кузбасская топливная компания - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов шаардын Жаңы-Жол аймагындагы көмүр базада болуп аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен жолуккан.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Нарын шаарындагы аз камсыз болгон 200 үй-бүлөгө көмүр таратылганын облус жетекчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеде Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов шаардын Жаңы-Жол аймагындагы көмүр базада болуп аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен жолукканы айтылат.

"200 тоннага чукул көмүр Жаңы-Жол көмүр базасына түшүрүлүп, шаардык Социалдык коргоо башкармалыгы тарабынан такталган тизмеге ылайык элге таратылып берилди. Шаар тургундарына көрсөткөн жардамы үчүн облус жетекчиси "Ассалям" кайрымдуулук фонддун директору Нурмухаммед Миңбаевге ыраазычылык билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Аман Кайыпов буга чейин көмүр ишканалары тарабынан дагы бекер көмүр таратылып келгенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0