Өкмөт токойлорду мыйзамсыз кыюу менен күрөшүүнү сунушталды

© Фото / Влад УшаковФакты незаконной вырубки лесов на южном берегу Иссык-Куля
Факты незаконной вырубки лесов на южном берегу Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылы 2500 түптөн ашык дарак мыйзамсыз кыйылып, мамлекетке 2 миллион сомдой зыян келтирилген. Аны менен катар 13 миң куб дарак пландуу кыйылган. Республика боюнча 2582 гектар жерге жаңы көчөттөр отургузулду.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Өлкө аймагындагы токойлордун мыйзамсыз кыйылышына бөгөт коюу зарылдыгын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абулгазиев Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2016-жылды жыйынтыктаган коллегиясына катышты.

Биринчи вице-премьер-министр тармактагы жетишкендиктер менен катар кемчиликтерге да токтолуп, климаттык өзгөрүүнү эске алып экология маселесинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Токойду жыл өткөн сайын көбөйтүп, алардын экологияга тийгизген таасири менен катар, экономикага кошкон салымын да көтөрүшүбүз керек", — деди Абулгазиев.

2016-жылы 2500 түптөн ашык дарак мыйзамсыз кыйылып, мамлекетке 2 миллион сомдой зыян келтирилген. Аны менен катар 13 миң куб дарак пландуу кыйылган. Республика боюнча 2582 гектар жерге жаңы көчөттөр отургузулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0