Ош менен Бишкектин дарыгерлери өзгөчө кырдаалда иштөөнү үйрөнүштү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБомбоубежище электростанции ТЭЦ-5 в Новосибирске
Бомбоубежище электростанции ТЭЦ-5 в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек жана Ош шаарларынын медициналык кызматтарынын 62 жетекчиси өзгөчө кырдаалда иштөө боюнча билим алышты.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. 15-17-февраль күндөрү Бишкек жана Ош шаарларынын, республикалык, олбустук, райондук жана шаардык башкармалыктарынын медициналык кызматтарынын жетекчилери окуудан өткөндүгүн ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган окуу ӨКМдин алдындагы Жарандык коргоонун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо базасында өткөрүлдү.

"Иш-чарада катышуучулар өзгөчө кырдаалдар учурундагы аракеттер жөнүндө лекция жана видео материалдарды алышты. Ошондой эле аларга "Тынч учурда пайда болгон өзгөчө кырдаалдардын учурунда медициналык кызматтардын эвакуациялык аракеттери", "112 кызматынын түзүмү жана милдеттери" сыяктуу темаларда сабактар өтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Окууга жалпысынан 62 адам катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0