ТИМ жол кырсыгы боюнча РФ элчилигинин өкүлүн чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековТабличка у входа в здание посольства России в Кыргызстане
Табличка у входа в здание посольства России в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда өкүлгө кырсыкты иликтөө иштерине кыргызстандык укук коргоо органдарына ар тараптан жардам берүү, кырсык себепкеринин катышуусун камсыздап берүү боюнча нота тапшырылды.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Россия элчилигинин унаасы катышкан жол кырсыгы боюнча РФтин Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алексей Мзареуловду чакырды. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Четыре человека погибли под Псковом в результате лобового столкновения - Sputnik Кыргызстан
Токтогул районунда машина көпүрөдөн кулап, төрт киши каза болду
Эскерте кетсек, 16-февраль күнү Васильев менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes Sprinter менен Toyota Land Cruiser Prado унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жүк ташуучу микроавтобустун айдоочусу Евгений Лексин каза болгон. Ал эми жол тандабас Россия элчилигине таандык кызматтык унаа экенин, рулда өкүлчүлүктүн кызматкери баратканын аталган элчилик тастыктады

Жолугушууда өкүлгө кырсыкты иликтөө иштерине кыргызстандык укук коргоо органдарына ар тараптан жардам берүү, кырсык себепкеринин катышуусун камсыздап берүү боюнча нота тапшырылды.

Өз кезегинде Россия элчилиги маркумдун жакындарына жана үй бүлөсүнө көңүл айтып, жол кырысыгын иликтөө боюнча милиция кызматкерлери менен тыгыз иш-аракеттер болуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0