Кар каатына кабылган чаткалдыктарга гумжардам жөнөтүлдү

© Фото / Зульфия ТургуноваЧаткалда жааран калын кар
Чаткалда жааран калын кар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калың кардан кыйналган чаткалдыктарга ӨКМ жардам иретинде тамак-аш жана жууркан-төшөк жөнөттү.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Эки метрге жеткен кардын айынан кыйналып жаткан чаткалдыктарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн гуманитардык жардам бөлгөнүн аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Эске сала кетсек, Чаткал районунда 2017-жылдын 11-февралынан тартып тынбай жааган кардын натыйжасында Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарында кардын калыңдыгы эки метрге чейин жетип, ички чарбалык жолдор жабылган.

"Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарынын тургундарына жардам иретинде 108 кг чай, 300 даана консерваланган балык, 180 кг консерваланган эт, 150 кг макарон жана 300 даана жууркан жүктөгөн жүк ташуучу унаа 17-февралда саат 03:10дө ӨКМдин Ош шаарындагы бириккен кампасынан чыгып кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

16-февраль күнү аба-ырайы турукташып, унаа жолдорго түшкөн кар көчкүлөрдү тазалоо жумуштары аткарылып, кар көчкү түшүү коркунучунун азайгандыгына байланыштуу Каныш-Кыя жана Чаткал айылдык аймактарында 14-февралында киргизилген өзгөчө кырдаал абалы алып салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0