Ош базарынын айланасынан 16 сойку жана каттоосу жок 65 адам кармалды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүШиш такачан кыздар. Архив
Шиш такачан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкерлери Рыскулов, Москва жана Павлов көчөлөрүнүн тегерегинде рейд жүргүздү.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Ош базарынын айланасында мыйзамсыз жашоочулар жана интимдик кызмат көрсөткөндөр аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ кабарлады.

Маалыматка ылайык, текшерүү иштери эртең мененки саат 08:00дөн 20:00гө чейин жана 20:00дөн 04:00гө чейин өтүп, эки этаптан турду.

Кыска юбка кийген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сойкулукту соолутуу жөнүндөгү демилгенин ой-чуңкуру. Эксперттер ой толгойт
"Рейд учурунда 115 үй ээси жана 229 адам текшерилип, 65 жаран мыйзамсыз жашап жатканы белгилүү болгон. Ал эми алардан башка 40 адам башка мыйзам бузгандыгы үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген. Мындан сырткары, жеке менчик мейманканалардан интим кызматын көрсөткөн 16 кыз кармалды. Каттоо эрежесин бузгандыгы үчүн Индонезиянын үч жараны жана өзбек улутундагы адам кармалып 40 миң сом өлчөмүндөгү айып пул төлөмөй болушту", — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле тартип коргоочулар 10 жеке менчик мейманкананы, эки мончо, беш чач тарач, алты дүкөн, бир кийим тигүү цехи, интернет клуб, жети кампа, 10 тандыр цехин жана эки медицина борборлорун текшерүүгө алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0