Түркияда сабалып, комага түшкөн кыргызстандык кыз ооруканадан чыкты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр декабрь айынын акырында эс-учу жоголгончо сабалган кыргызстандык кыз Анталья — Коркутели автожолунда табылган болчу. Ал Антальядагы Акдеңиз университетинин ооруканасына алып келинген.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Антальяда сабалып, жолго ташталган 22 жаштагы кыргызстандык кыз ооруканадан 58 күндөн кийин чыкты. Эми ал дарылануусун үйдө улантарын DHA маалымат агенттиги билдирди. 

Города мира. Париж - Sputnik Кыргызстан
Түркияда мууздалды деген кыз: аман-эсен, жакшынакай эле жүрөм
Эске салсак, былтыр декабрь айынын акырында эс-учу жоголгончо сабалган кыргызстандык кыз Анталья — Коркутели автожолунда табылган болчу. Ал Антальядагы Акдеңиз университетинин ооруканасына алып келинип, кызды сабады делгендер да кармалган

Кыргызстандык кыз ооруканага жаткырылгандан кийин мээсине үч жолу операция жасалды. Комада 33 күн жатып, өзүнө келгенден кийин палатага которулган

"Кыргызстандык бейтапка жардам берген бардык дарыгерлерге жана ага кол сунган бардык адамдарга рахмат айтты", — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстандык кызга жардам берип жаткан Халит Мерттин айтымында бейтап өз алдынча сүйлөп, тийиштүү органдарга сурак бергенге чейин Түркияда болорун Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Учурда кыргызстандык кыз жана анын үй-бүлөсү Антальяда Хамди деген кишинин үйүндө жашап жатышат", — деди ал.

Кыздын ата-энеси анын жакын арада бутуна туруп басып кете турчу күнү дагы алыс эмес экенине үмүттөнөрүн айтышкан.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0