Порносайттардагы ИИМдин эскертүүлөрүнө милициянын тиешеси жок

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүVIII Международная выставка-форум информационных технологий и телекоммуникаций "ИнфоКом-2008"
VIII Международная выставка-форум информационных технологий и телекоммуникаций ИнфоКом-2008 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ белгисиз адамдар акча талап кылса укук коргоо органдарына кайрылууну эскертет.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Порносайттардагы эскертүүлөргө Ички иштер министрлигинин тиешеси жок экендигин ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Информационная безопасность в интернете - Sputnik Кыргызстан
Смартфонду "сулуу" кылмышкерлерден сактап калуу жолдору. Адистин кеңеши
Билдирүүгө караганда, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы балдардын "111" ишеним номерине интернет колдонуучулар порносайттарга киргенде Ички иштер министрлигинин эскертүүсү чыгып жатканын билдиришкен.

Эскертүүдө "ИИМ сиздин электрондук түзүлүштөн мыйзамсыз аракеттер жүргүзүлгөнүн аныктады. Кордоо, педофил, порнография камтылган видеолорду 18 жаштан ылдый курактагыларга көрүүгө тыюу салынган. Мыйзам бузгандарга 1000 сом айып пул салынат. Төлөөдөн баш тарткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат" деп жазылган.

Милиция мындай эскертүүлөргө эч кандай тиешеси жок экенин билдирип, компьютерлер менен смартфондорго блок койбой турганын кошумчалаган.

"Бул алдамчылар колдонгон катардагы ыкма. Кайсы бир тараптардын акча которуу талабын орундатпоого чакырабыз", — деп министрликтен билдиришти.

Ушундай фактылар катталган учурларда Ички иштер органдарына кайрылуу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0