Чаткалда өзгөчө кырдаал режими алынды

© Фото / Зульфия ТургуноваСильный снегопад в Чаткальском р-не Ошской области
Сильный снегопад в Чаткальском р-не Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чаткал районунда 11-февралдан тарта тынбай жааган кардан улам Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарында кардын калыңдыгы эки метрге чейин жеткен.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Чаткал районуна 14-февралда киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынганын ӨКМ билирди.

Последствия циклона на Сахалине - Sputnik Кыргызстан
Каныш-Кыяда кар көчүп, андан кытай жараны жабыркады
Белгилей кетсек, Чаткал районунда 11-февралдан тарта тынбай жааган кардан улам Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарында кардын калыңдыгы эки метрге чейин жеткен. Жолдорго кар көчкүлөр тынбай түшүп жаткандыгына байланыштуу Чаткал районунун акими Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Калың кардын кесепетинен жергиликтүү тургундар кыйналууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0