Бабанов: телеканалдын биринде да эртең менен кыргызча программа жок экен

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЛидер парламентской фракции "Республика — Ата-Журт" Омурбек Бабанов
Лидер парламентской фракции Республика — Ата-Журт Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү тилди өнүктүрөбүз деген менен жарытарлык кадамдар жасалбай жатканына кейиди.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстанда телеканалдардын биринде да эртең мененки программалар кыргызча берилбейт экен. Бул тууралуу "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Эл өкүлү атайын эртең менен телеканалдарды көрүп, бир дагы кыргызча берүүнү кезиктирбегендигин кошумчалады.

"Мен экинчи күнү атайын эртең мененки программаларды көрүп чыктым. Бир дагы каналда кыргыз тилинде программа жок экен. Урматтуу депутаттар, программалардын 50 пайызы кыргызча болушу керек деген мыйзамды караганбыз. Бир жылдан бери кабыл алынбай жатат. Тилди өнүктүрүүгө 200 миллион сом каралат экен. Ал эми бул мыйзамдын иштешине каражат талап кылынбайт", — деди Бабанов.

Эл өкүлү тилди өнүктүрөбүз деген менен жарытарлык кадамдар жасалбай жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0