Бишкектиктер 9-майда өтүүчү "Өлбөс полктун" кезектеги жүрүшүнө даярданып жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өлбөс полк" жүрүшүнүн катышуучулары. Архив
Өлбөс полк жүрүшүнүн катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өлбөс полк" акциясына Кыргызстан 2013-жылы кошулган. Анда согуш катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөргөн урпактары Оштогу Жеңиш парадынан өткөн. Быйыл өлбөс полк дээрлик 30 өлкөнү кучагына алат.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. "Өлбөс полк" быйылкы жылдын 9-майында Бишкектин көчөлөрүнөн өтө тургандыгын акциянын координатору Зульфира Хайбуллина кабарлады. Учурда борбор калаанын мэри Албек Ибраимов менен келишим түзүлүп, ал иш-чараны уюштурууга ар тараптан көмөк көрсөтүүгө убада кылган.

"Бишкектиктер үчүн Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары менен ардагерлеринин сүрөтүн көтөрүп парадга басуу салтка айланып калды. Бул үчүнчү ирет болмокчу. Былтыр Бишкектеги акцияга 20 миңден ашуун адамдар катышкан, андан сырткары, башка калааларда да уюштурулган", — деди Хайбуллина.

Согушту жана анын ардагерлерин эскерген иш-чараны былтыр кыргыз өкмөтү колдогон. Өлбөс полк" акциясына Кыргызстан 2013-жылы кошулган. Анда согуш катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөргөн урпактары Оштогу Жеңиш парадынан өткөн. Быйыл “Өлбөс полк” дээрлик 30 өлкөнү кучагына алат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0