Түркияда мууздалды деген кыз: аман-эсен, жакшынакай эле жүрөм

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүГорода мира. Париж
Города мира. Париж - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Түркияда жүргөн Жаркынай аттуу кыргыз жаранын мууздап кетишкендигин жана ал кыздын өздүгү, жашаган жери тактала электигин жазышкан.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Түркияда мууздалды деген Жаркынай аттуу кыз аман-эсен экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирди.

Буга чейин Кыргызстандагы айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Түркияда жүргөн Жаркынай аттуу кыргыз жаранын мууздап кетишкендигин жана ал кыздын өздүгү, жашаган жери тактала электигин жазышкан.

"Маалыматты алгач көргөндө аябай таң калып, эмне кыларымды билбей калдым. Кыргызстандан апам, байке-жеңелерим чалып ыйлашты. Аларга бардыгы жакшы экенин айтып, көңүлдөрүн жай кылдым. Мен дагы деле өзүмө келе элекмин. Тирүү жүрүп эле интернеттен өзүңдүн өлгөнүңдү уксаң жаман болот экенсиң", — деди ал.

Рассмотрение суда по делу Халимат Расуловой и Магомеда Расулова - Sputnik Кыргызстан
"Апа, мен күнөөлүү эмесмин!.." Чет жакта соттолуп кеткен кыргызстандыктар
Жаркынай азыр 24 жашта. Учурда Түркиянын Анкара шаарында иштейт. Ал жакка ноябрь айынын аягында келген. Буга чейин бир жылдай иштеп кеткен.

Ал ошондой эле мындай жалган маалымат тараткан ЖМКларды жоопко тартуу керектигин баса белгиледи.

"Замандаш" ассоциациясы дагы Түркиядагы мекендештерге чалганда алар сүрөттөгү кызды издеп табышып, анын абалы жакшы экенин айтышкан.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги ЖМКга чыгып кеткен маалыматты тактоо үчүн Анкара шаарынан Чанкая районунун полиция башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолуккан. Бирок полиция бул күндөрү Анкарада Кыргызстандын же Борбор Азия мамлекеттеринин жарандары киши колдуу болуп өлтүрүлбөгөнүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0