Бельгия археологдору Айтматов жөнүндө чогулткан материалдарын Кыргызстанга берет

© Sputnik / Александр ФедоровЖазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү
Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Бельгияга болгон иш сапарынын алкагында болмокчу.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бельгия Королдугунун археология боюнча падышалык академиясынын мүчөлөрү Жан жана Голди Бланкоффтор Чыңгыз Айтматов жөнүндө чогулткан материалдардарын жана китептерин Кыргызстандын элчилигине тапшырат. Бул тууралуу Бельгиядагы кыргыз элчилиги билдирди.

Материалдардыөткөрүп берүү аземи 16-февралда өтөт.

Эскертсек, бул иш-чара Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Бельгияга болгон иш сапарынын алкагында болууда. Өлкө башчысы февраль айынын ортосунда Бельгияга иш-сапары менен барары буга чейин кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0