Чоң-Алайда көчкү алдында калгандар: ошол күнү эки ирет көчкү алдында калдык

© Фото / УВД Ошской областиСход лавины в Чон-Алайском районе Ошской области
Сход лавины в Чон-Алайском районе Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13-февраль күнү саат 14:00 чамасында Чак айылындагы жолго кар көчкү түшүп, "Нива" жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунааларды ичиндеги жүргүнчүлөрү менен кошо басып калган.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Чоң-Алай районунда кар көчкү басып калган унаадан куткарылып аман калган жарандар Тез жардам кызматынын өкүлдөрүнө жана милицияга ыраазычылык билдирет. Бул тууралуу кырсыктан аман калган Алай райондук Абибилла Молдоболотов атындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун эсепчиси Абдилхамид Таштанов аймактык кабарчыга билдирди. 

Местный житель на лошади, во время сильных снегопадов в Чон-Алайском р-не Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алай: белден келген кар, жабылган жолдор, жардам сураган айыл өкмөтү
Белгилей кетсек, 13-февраль күнү саат 14:00 чамасында Чак айылындагы жолго кар көчкү түшүп, "Нива" жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунааларды ичиндеги жүргүнчүлөрү менен кошо басып калган. Маалыматка ылайык, "Ниванын" ичинде алты, Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде эки киши болгон.

Көчкүнүн астында калган унаада Алай райондук Абибилла Молдоболотов атындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун алты кызматкери болгон. Медицина кызматкерлери бир катар айылдардагы ФАПтарды кыдырып жүрүшкөн.

"Окуя болгон күнү эки жолу кар көчкүнүн астында калдык. Биринчи жолу көчкү басканда айдоочу тараптагы эшиктин сыртында бир аз жылчык болгондуктан ошол тараптан чыгып кеттик. Экинчи жолу көчкү басканда биз унаанын ичинде эмес, сыртта болчубуз. Ошол учурда Тез жардам кызматынын унаасы да көчкүдө калып, фельдшер Малик Абдылдаев жана Жунус уулу Мусурманкул, айдоочусу Шайдилла Калыков бир чакырым жолду жөө басып келип, бизге алгачкы медициналык жардам көрсөтүштү. Ал эми милиция кызматкерлери өз өмүрлөрүн тобокелге салып унаабызды кар көчкүнүн астынан чыгарып беришти", — деди Таштанов.

Ал ошондой эле аларга жардам берген бардык кызматкерлерге рахмат айтып, куткарылган жарандардын баарынын тең ден соолугу жакшы экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0