Жыртык бут кийим кийген беш жашар бала базарда баракча сатып жүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с видеохостинга Youtube пользователя EmirBegaliew. Пятилетний мальчик в дырявой обуви, который работает возле авторынка "РИОМ"
Снимок с видеохостинга Youtube пользователя EmirBegaliew. Пятилетний мальчик в дырявой обуви, который работает возле авторынка РИОМ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш жаштагы баланын базарда баракча сатып иштерин айрым адамдар видеого тартып интернетке жүктөп коюшкан.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын четиндеги "Риом" унаа базарынын жанында кагаз сатып иштеген беш жаштагы баланын видеосу интернет булактарына чыкты. Видеонун авторлору бул бала жарым жылдан бери ошол жакта иштерин айтышкан.

Картондо уктаган Исхактын жаңы өргөдө жаңырган күлкүсү - Sputnik Кыргызстан
Картондо уктаган Исхактын жаңы өргөдө жаңырган күлкүсү
Баланы видеого түшүрүп жаткандар атын сураганда Нурлик десе, бери жактагылар Нурболот деп жооп беришкен. Ал унааларды сатыкка жарнамалаган баракчаларды 10 сомго сатып иштейт.

Кыштын суугунда жыртык бут кийим менен жүргөн Нурлик "бут кийимдин башы түшүп калган" деп жооп берген. Ал жыртылган бут кийимин скотч менен чаптап койгон. Баланы кийинтип жаткан адамдын айтымында, жаш бала Военно-Антоновкада жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0