"Коопсуз шаар", "Электрондук өкмөт" программалары үчүн платформа түзүлдү

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүРабота завода компании "Крафтвей" в Обнинске
Работа завода компании Крафтвей в Обнинске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун базасында "Коопсуз шаар", "Электрондук өкмөт" сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырууга болот.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. "Кыргызтелеком" ААКы маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзгөнүн мекеменин маалымат катчысы Назгүл Бегалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эми бул борбордун базасында "Коопсуз шаар", "Электрондук өкмөт" сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырууга болот.

"Буга чейин "Коопсуз шаар", "Электрондук өкмөт" сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн атайын платформа болбой келген. Эми аны "Кыргызтелеком" ААКы түзүп берди. Мекеме эл аралык стандарттарга туура келген маалыматтарды кайта иштеп чыгуу борборун түзүүдөгү тажрыйбасы менен 21-февралда Бишкек шаарында боло турган алтынчы Маалыматтык технология-2017 форумунда бөлүшөт", — деди Бегалиева.

Маалымат катчы "Кыргызтелеком" ААКы "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырбай турганын, болгону ага платформа түзүп бергенин баса белгиледи.

Совещания министров Европейского союза по экономическим и финансовым вопросам в Афинах - Sputnik Кыргызстан
"Бакыт кнопкасы", электропоезд. Бишкектеги шайлоодо уткан партиялардын убадалары
"Коопсуз шаар" долбоору 2014-жылы демилгеленген. Биринчи тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылып, экинчиси дайындалган. Анда биринчи орунду "Стилсофт Бишкек" компаниясы ээлесе, экинчи орунду Dessa International S.R.L. (Молдова), ал эми үчүнчүнү Anteo worldwide (Швейцария) компаниялары алган.

ИИМ тендерди утуп алган "Стилсофт Бишкек" компаниясы койгон талаптарга макул эместигин билдирип, сотко берген. Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев тендер боюнча эки анжы ойдо калганын билдирип, кийинчерээк долбоорду ИИМ өз күчү менен ишке ашырарын айткан.

Учурда "Коопсуз шаар" долбоору соттук териштирүүлөрдөн улам ишке ашпай токтоп турат. Иликтөө жүрүп болуп жатканына карабастан өкмөт "Коопсуз шаар" долбоору боюнча жаңы токтом токуй турганын былтыр сентябрь айынын аягында билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0