Өкмөт: эт саткан жайлар менен касапканаларды иретке келтирүү керек

Жазылуу
Мындан сырткары, Абулгазиев жыл аягына чейин саан уйларды идентификациядан өткөрүп бүтүрүү керектигин эскерткен.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев май айына чейин Бишкек жана Ош шаарларындагы касапкана жана эт саткан жайларды иретке келтирүүгө тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абулгазиев ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын коллегиясына катышкан.

"Анда вице-премьер Бишкек жана Ош шаарларындагы эт саткан жана мал союлган жерлерди иретке келтирүү иштерин сынга алып, 2017-жылдын май айына чейин бул иштерди аягына чыгарууга тапшырма берди", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, Абулгазиев жыл аягына чейин саан уйларды идентификациядан өткөрүп бүтүрүү керектигин эскерткен. Бул маселе өкмөттүн атайын көзөмөлүнө алынды.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө 50 миңден ашуун бодо мал идентификациядан өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0