АКШда ак илбирсти сактоо боюнча КРде өтчү форумга даярдык талкууланды

© Фото / Влад УшаковАк илбирс. Архив
Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун кызматташуусунун келечеги, 2017-жылы боло турчу президенттик шайлоого карата шайлоо системасын жаңылоо маселелери боюнча пикир алышты.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова БУУнун башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енча менен жолукканан министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жашыруун камера: сейрек үн чыгарган илбирстин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жашыруун камера: сейрек үн чыгарган илбирстин видеосу
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун кызматташуусунун келечеги, 2017-жылы боло турчу президенттик шайлоого карата шайлоо системасын жаңылоо маселелери боюнча пикир алышты. Андан сырткары, 2015-жылы парламенттик шайлоонун жана 2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумдун ийгиликтүү өткөнү айтылды.

Ошондой эле Борбор Азиянын аймактык коопсуздугу, 2017-жылдын үчүнчү кварталында ак илбирсти сактоо боюнча Кыргызстанда өтө турчу форумга даярдыктардын көрүлүшү да талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0