Кезектеги кесепеттүү оюнбу? "Космостон саламды"окуучулар ойлоп тапканы айтылууда

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүМектеп окуучулары. Архив
Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ооруканада жаткан кыздын абалы туруктуу. Анын дарыланууга кеткен чыгымын мектеп администрациясы өздөрү төлөп берээрин убадалашкан.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Ак-Суу айылындагы орто мектепте "Космостон салам" деп аталган оюн чыгып, анын кесепетинен 6-класстын окуучусунун баш мээси чайкалган. Тагыраагы, кыз кластташтарынан жабыркаган. Оюнду окуучулар өздөрү ойлоп тапканы маалым болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин Ак-Суу айылындагы орто мектептин окуучулары 6-класстагы кызды сабап салганы тууралуу маалымат таркаган. Мындан улам, Билим берүү министрлиги ишти иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөн

Компьютер колдонуп жаткан өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Тихий дом" оюну — ата-энелердин билиши зарыл болгон 9 учур
Комиссия райондун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары, мектеп жетекчилери, мугалимдери, ата-энелер, райондук администрация башчылары жана аймактык милиция кызматкерлери менен жыйын өткөргөн.

"Жыйында маалым болгондой, кол эмгек сабагы учурунда мугалим бир аз убакытка сыртка чыгып кеткен. Ошол учурда окуучулар "Космостон салам" аттуу оюнду ойношкон. Ал оюнду окуучулар өздөрү ойлоп тааптыр. Анын эрежеси боюнча балдар-кыздар бири-бирин кубалап жетип, артынан чабыш керек экен. Мунун кесепетинен жабырланган Милана аттуу окуучу үйүнө араң барган", — деп билдирди аталган министрликтин маалымат катчысы Марина Гречанная.

Анын айтымында, Милананын таенеси Жаңылкан Бегалиева кыз башынан жаракат алганын маалымдаган. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда кыздын абалы турукташып калганын билдирди.

"Ооруканага кайрылган кыздан дарыгерлер эмне болгонун сураганда ал классташтары менен "Космостон салам" оюнун ойноп, башка кыздар баш талаштыра оор буюмдар менен чапканын айткан. Дарыгерлер кызды ооруканага жаткырып, "мээси чайкалды" деген диагноз коюшкан. Учурда ал окулист, невропатологдордун көзөмөлүнөн өттү, абалы туруктуу", — деди саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жабыркаган кыздын дарылануусуна кеткен чыгымды мектеп администрациясы төлөп берүүнү убадалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0