Бишкектин айрым жерлеринде 9 күнгө газ өчөт

© AFP / BARBARA SAX Газификация Берлина
Газификация Берлина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана көгүлтүр от берүү оңдоо иштеринен улам убактылуу токтотуларын белгиледи.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда тогуз күнгө чейин газ берүү убактылуу токтотуларын "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, көгүлтүр от Кара-Жыгач, БЧК аймактарында жана Махатма Ганди, Ак-Тилек, Мыскал, Сейил, Пригородная, Малышева, Күрөнкеев көчөлөрүндө өчүрүлөт.

"Аталган аймактарда газ 14-22-февраль аралыгында берилбейт", — деп айтылат маалыматта.

Ишкана көгүлтүр от берүү оңдоо иштерине байланыштуу токтотуларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0