Баланы бакчага киргизүү боюнча мэриядан ата-энелерге кеп-кеңеш

© Sputnik / Табылды КадырбековБала бакчадагы өспүрүмдөр. Архив
Бала бакчадагы өспүрүмдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясы баланы бала бакчага кантип киргизсе болорун, ата-эненин укуктары жана милдеттери, ошондой эле жеңилдетилген түрдө жана кезексиз кирүүгө кимдер укуктуу экенин түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы баланы бала бакчага кантип киргизүү керектигин, ошол эле учурда ал жактан чыгарып салууга эмне себеп болушу мүмкүндүгүн айтып берди.

Баланы бакчага киргизүү үчүн эске алчу жагдайлар

  • Райондук билим берүү борборунун жетекчисине арыз жазуу керек;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн жана жашаган жеринде катталганы тууралуу белги коюлган ата-эненин бирөөсүнүн паспорту;
  • Баланы жеңилдетилген түрдө киргизип жатсаңыз аларды тастыктай турган документтердин көчүрмөсү (справка, күбөлүк);
  • Электрондук реестрге катталуу. Катталган жери боюнча райондук билим берүү борборуна кайрылып, билдирүү толтуруу кажет. Борбордун кызматкерлери баланы 10 жумушчу күн ичинде, шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 9.00дөн 17.00гө чейин (12.00дөн 13.00гө чейин түшкү тамактануу) каттайт.

Эгер атайын анкета туура эмес толтурулса ал электрондук реестрге катталбай калышы мүмкүндүгүн мэрия баса белгилейт. Андыктан ата-энелер бул нерсеге өзгөчө көңүл бурушу керек. Реестрге катталгандан кийин ата-эне баласы бакчага кирүү үчүн канчанчы тизмеде экенин карап туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Бала бакчадагы наристе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө балдардын 20 пайызы гана бала бакчага барат
Баланы бакчага киргизүү үчүн райондук Билим берүү борборунун жетекчисинин колу коюлуп, мөөрү басылган жолдомо болушу зарыл. Жолдомону алган соң ата-эне баласы менен 10 күн ичинде мектепке чейинки билим берүү мекемесине барышы керек. Белгиленген мөөнөт ичинде барбаса документ жараксыз болуп эсептелет.

Эгер бала бакчада бош орун болсо кезексиз түрдө баласын киргизүүгө укуктуулар: көп балалуу үй-бүлө; биринчи жана экинчи топтогу майыптар; жетимдер; аскер окуяларына катышкандардын балдары; башка бирөөнүн камкордугундагы балдар; муниципалдык билим берүү уюмдарында иштегендердин балдары; Бишкек шаарындагы муниципалдык бюджеттин мекемелерде иштегендердин балдары.

Ата-эненин укуктары жана милдеттери

Бала бакчада бош орун болсо ата-эне ал жакка баласын киргизүүгө укуктуу. Эгер бардык документтери болсо баланын тамагына социалдык колдоо укугунан пайдалана алат. Ошол эле учурда ар бир айдын 10-күнүнөн кеч эмес азык-түлүккө кеткен каражаттын жарымын төлөшү зарыл.

Воспитанник детского сада в селе Мин-Куш - Sputnik Кыргызстан
Алайда түнкүсүн иштеген бала бакча ишке кирди
Бала ооруп калганда ата-эне медициналык справканы алып келсе анын бала бакчадагы орду сакталат. Ошондой эле эгер ата-эненин эмгек өргүүсү учурунда баланы үйгө алып кетсе (60 календардык күндөн көп эмес), же үй-бүлөлүк шартка байланыштуу баланы бир жакка алып кетип жатса (бир айдан ашык эмес) арыз жазып баланын бакчадагы ордун сактап калса болот.

Ал эми ата-эне баланын ооругандыгын тастыктаган дарыгердин корутундусун алып келип, ал оору айланадагыларга да кооптуулук жарата турган болсо бала бакчадан чыгарылат. Андан сырткары, бала 7 жашка чыгып, биринчи класска бара турган учурда да бакчадан чыгарылат.

Маалымдама

Бишкек шаарындагы бакчалар баланын жашына карата мындай бөлүнөт: ясли тобу — 2-3 жаш, кичине топ — 3-4 жаш, орто топ — 4-5 жаш, жогорку топ — 5-6 жаш жана даярдоо тобу 6-7 жаш. Бирок ясли тобу саналуу гана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында бар. Алар: № 1, 2, 5, 15, 30, 31, 44, 51, 94, 100, 107, 112, 145, 157, 162, 165, 181, 182.

Бүгүнкү күнү Бишкек шаарында мектепке чейин билим берген 84 уюм бар. Алардын 11и адистештирилген. Жалпысынан бул жакта 31 миң бала тарбияланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0