Германиянын эң мыкты клиникалары кыргызстандык үч балага бекер жардам берет

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүРабота Городской клинической больницы №31
Работа Городской клинической больницы №31 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германияга дарылануу үчүн оор абалдагы үч бала жиберилет. Учурда кайрымдуулук программанын алкагында жети кыргызстандык бала Германиянын клиникаларында дарыланууда.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Германия кыргызстандык үч баланы бекер дарылоого даяр экенин Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Мындай кызмат Саламаттык сактоо министрлигинин Friedensdorf International кайрымдуулук уюму менен болгон келишимдин алкагында көрсөтүлгөнү жатат.

Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Антальяда комада жаткан кыргызстандык кыз реанимациядан палатага которулду
Маалыматка караганда, Айзирек, Акылай жана Шатман бүгүн жолго чыгышат. Бир нече күндөн кийин эки бала мекенге кайра кайтып келишет.

Friedensdorf International уюму оорулуу балдарга бекер жардам көрсөтүп, дүйнөнүн 20 мамлекети менен кызматташып келет. Кыргызстан бул программага 2013-жылы кошулуп, диагнозу начар балдарды тандоо боюнча төрт акция өткөрүүгө жетишкен. Катардагы акция март айында Ош облусунда өтөт.

Өткөн төрт жылдын ичинде бекер дарылануу үчүн болгону 29 бала чакырылган. Учурда Германиянын клиникаларында жети кыргызстандык кичинекей бейтап бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0