БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Билим берүү тармагына үч миңден ашуун жаш адис иштегени келген. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча учурда 75 миң мугалим эмгектенсе, алардын 19,8 пайызын жаштар түзөт. Жаңы окуу жылынын башталышы менен 3030 мугалим ишке кирген.
Мындай көрсөткүчкө жетүүнүн бирден бир себеби айлык маянасынын көтөрүлгөнү экени айтылууда. Анткени акыркы беш жыл ичинде агартуучулардын айлык акысы 3,5 миңден 14 миңге чейин жогорулаган.
Буга байланыштуу министрлик мугалимдерди аттестациядан өткөрүү жолун ишке киргизе баштады.