Саламаттык сактоо министрлиги 2017-жылга карата тапшырмаларды алды

Жазылуу
Жыйын учурунда өлкөдөгү вирустук гепатит ооруларынын өткөн жылга салыштырмалуу 27,4 пайызга өсүшү тынчсыздануу жаратып жатканы белгилеген.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги өткөн жыл ичиндеги жыйынтыктар боюнча жыйын өткөрүп, 2017-жылга карата бир катар тапшырмаларды алганын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, жыйынга вице-премьер Чолпон Султанбекова катышып, өлкөдөгү вирустук гепатит ооруларынын өткөн жылга салыштырмалуу 27,4 пайызга өсүшү тынчсыздануу жаратып жатканын белгилеген.

"Ооруканаларды кадрлар менен камсыз кылууда тең салмактуулук сакталбай жатат. Мисалы кээ бир аймактарда 100 миң жашоочуга 14 адис туура келет. Ошондой эле студенттердин жана ординаторлордун билим деңгээли төмөн болуп жатканы байкалууда", — деп билдирген вице-премьер.

Жыйын акырында Саламаттык сактоо министрлигине 2017-жылга карата электрондук саламаттык сактоо системасын киргизүү, калктын саламаттыгынын негизги көрсөткүчтөрүн жакшыртуу сыяктуу бир катар тапшырмалар берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0