Окуучуларга арналган "Дин маданиятынын тарыхы" коомдук талкууга коюлду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКуран китеби жана тесме. Архив
Куран китеби жана тесме. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда усулдук материал 100дөн ашык нускада чыгарылып, диний конфессиялар менен тиешелүү мекемелерге сунушталды.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. "Дин маданиятынын тарыхы" усулдук материалынын долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия билдирди.

Открытие после реставрации Апанаевской мечети - Sputnik Кыргызстан
Муфтият Жалал-Абаддагы диний окуу жайларды текшерди
Маалыматка ылайык, талкуунун биринчи этабы 20-февралга чейин уланат. Андан соң бир катар иш-чараларөтүп, жай мезгилинде жыйынтыкталат. Окуу китебин 2017-2018-окуу жылына даярдоо планданган.

Учурда материал 100дөн ашык нускада чыгарылып, диний конфессиялар менен тиешелүү мекемелерге сунушталды. Ага ылайык, академиялык чөйрөдөн, теолог жана эксперттерден пикирлер жана сунуштар кабыл алынууда.

Кошумчалай кетсек, "Дин маданиятынын тарыхы" окуу куралын иштеп чыгуу аракеттери өткөн жылы башталган. Ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Билим берүү академиясы жана эксперттер катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0