Медакадемияда кыргыз тили боюнча кафедра ачылды

Жазылуу
Жогорку окуу жайдын ректорунун буйругу менен кафедраны доцент Элмира Абдырасулова жетектемей болду.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Мамлекеттик медициналык академияда кыргыз тили кафедрасы ачылганын окуу жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин кыргыз тилинен сабак берген мугалимдер тилдер кафедрасынын курамында эмгектенип келишкен.

"Окуу жайдын жетекчилиги кафедрага өз алдынча макам берүү менен болочок дарыгерлердин тил билими жогорулайт деп ишенет. Ошондой эле кафедранын ачылышы тилди өнүктүрүү боюнча президент менен өкмөт кабыл алган чечимдердин талаптарына да шайкеш келет", — деп айтылат маалыматта.

Жогорку окуу жайдын ректорунун буйругу менен кафедраны доцент Элмира Абдырасулова жетектемей болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0