Ондон ашуун акча алмаштыруу жай лицензиясынан ажырады

© Sputnik / Екатерина МихайловаОбменная бюро в Бишкеке
Обменная бюро в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда 394 акча алмаштыруу бюросу иштеп жатат.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. 2016-жылы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын системалуу түрдө бузгандыгы үчүн 13 акча алмаштыруу жайынын лицензиялары кайтарылып алынганын аталган мекеме билдирди.

Маалыматка караганда акыркы жылдары Кыргызстанда акча алмаштыруу жайларынын саны кескин өскөнү байкалууда.

"2016-жылдын 31-декабрына карата өлкө аймагында 394 акча алмаштыруу бюросу иштеди. Бул 2015-жылдын ушул эле мезгилине караганда 65ке көбөйгөнүнөн кабар берет. Улуттук банк акча алмаштыруу жайларынын ишине жерине барып жана Улуттук банкка портал аркылуу күн сайын сунушталуучу отчетторду текшерүү аркылуу көз салат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтында 13 жайдын лицензиясы кайтарылып, уруксаты жок иш алып баргандыгы үчүн 69 укук бузуу катталган. Күнөөлүүлөр административдик жоопкерчиликке тартылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0