Ысык-Көлдүн мугалимдерине күрөөсүз насыя алууга шарт түзүлдү

Жазылуу
Долбоор облус жетекчилиги тарабынан демилгеленип, микрокредит агенттиги колдоп берген.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун орто мектептеринде эмгектенген мугалимдерге 10 пайыздык үстөк менен насыя бериле турганын өкмөттүн аталган дубандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Окутуучуларга насыя күрөөсүз айлык акыга берилет. Сунуш жергиликтүү бийлик менен аймактагы микрокредиттик компанияга таандык. Иш-чарага 7 миллион сом каралган.

Өкүлчүлүк мугалимдер 10 миңден 50 миң сомго чейин насыя ала ала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0