Свердлов районунун оңдоло турган 5 көчөсү

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүВесенний ремонт автодорог
Весенний ремонт автодорог - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Зеленстрой" ишканасы көчөлөрдөгү айрым дарактарды кыюуга уруксат кагаздарын даярдоодо.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Үстүбүздөгү жыл ичинде Бишкектин Свердлов районунун 14 көчөсү оңдоло турганын мэриядан кабарлашты.

Ремонттоло турган көчөлөрдүн жалпы узундугу 24,69 чакырымды түзөт.

Оңдоо иштери 1-марттан тарта төмөнкү көчөлөрдө башталат:

  • Көлбаев көчөсү, Лермонтов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин — 2,9 чакырым;
  • Лермонтов көчөсү, Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин — 1,55 чакырым;
  • Орозбеков көчөсү, Жибек Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейин — 3,3 чакырым (көпүрө кошо курулат);
  • Щербаков көчөсү, Тоголок Молдодон Элебесов көчөсүнө чейин — 1,2 чакырым;
  • Саадаев көчөсү, Тоголок Молдодон Орозбеков көчөсүнө чейин — 0,21 чакырым.

Бүгүнкү күндө аталган көчөлөр оңдоо иштерине даярдалып жатат. Ал эми "Зеленстрой" ишканасы бул көчөлөрдөгү айрым дарактарды кыюуга уруксат кагаздарын даярдоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0