ӨКМ: 10 күндөн бери дайынсыз болгон балыкчыларды издөөгө 40 адам тартылды

© Sputnik / Андрей Максимов / Медиабанкка өтүүКөлдүн жээгиндеги кайык. Архив
Көлдүн жээгиндеги кайык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчылар 30-январь күнү чыгып кеткен бойдон келишкен эмес.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунда 10 күн мурун балык кармоого чыгып кеткен эки адам ушу кезге чейин табыла элек. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди.

Бул адамдар үйүнөн 30-январь күнү чыгып кеткен.

"Күрмөнтү айылынын 27 жаштагы жана 35 жаштагы эки тургуну Кутургу жана Фрунзе айылдарынын ортосундагы көлдүн тилкесине балык кармоого кетип, ошол бойдон дайынсыз. Издөө иштерине ӨКМ жети куткаруучусу жана 40ка чукул жергиликтүү тургундар чыккан. Учурда издөө уланууда", — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Жети-Өгүз районунда да балык уулоого кеткен эки балыкчынын сөөгү суудан табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0