Россиялык окумуштуулар мээ рагынын өрчүшүн токтокон өсүмдүктү табышты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМээнин рентген сүрөтү. Архив
Мээнин рентген сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда окумуштуулар өсүмдүктүн адам ден соолугуна кандай таасир берерин иликтешүүдө.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Россиялык окумуштуулар тобулгунун кайнатмасы мээ рагын дарылоого жардам берерин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости Journal of Neuro-Oncology журналына шилтеме кылуу менен жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, мээ рагынын өрчүшүн токтоткон дарылар буга чейин табылган эмес. Санкт-Петербургдагы технология, механика жана оптика улуттук илимий изилдөө университетинин окумуштуусу Денис Бараненконун айтымында, чычкандарга эксперимент жасалган.

"Алгач чычкандар иликтөөгө алынган. Алардын мээ рагына чалдыккандары эки топко бөлүнгөн. Бирине тобулгунун кайнатмасы берилсе, экинчисине берилген эмес. Жыйынтыгында тобулгунун кайнатмасы берилген чычкандардын мээ рагынын өрчүшү эки эсеге азайган", — деп жазылат маалыматта.

Учурда окумуштуулар өсүмдүктүн адам ден соолугуна кандай таасир берерин иликтешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0