Жаш балага карата 10 "болбойт"

© Sputnik / Табылды КадырбековКызын ойнотуп жаткан адам. Архив
Кызын ойнотуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздар илгертеден бала тарбиялоодо айрым көзгө көрүнбөгөн, бирок мааниси терең тыюулар, ырым-жырымдар колдонулуп келген. Аларды ата-бабалар жаш баланы ар түрдүү жаман көз, жаман сөздөн сактоо иретинде колдонушуп, тарбия берүүнүн бир булагы катары эсептешкен.

Жаш баланы багып, өстүрүүдөгү ырым-жырым, тыюуларды тарыхчы, этнограф Динара Молдокулова тизмектеп, маңызын түшүндүрүп берет.

Баланы башка чаппайт. Башты кор тутсаң, башка чукак болуп каласың. "Башка чукак"— таптакыр балдары жок же кыздары бар, бирок эркек баласы жок адамга карата айтылган сөз.

Наристени киринткен сууну тебелендиге жана караңгыда сыртка төкпөйт. Аны эл баспаган жерге же тамдын бооруна чачып жиберет.

Казы-карта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дасторкон четиндеги 10 "болбойт"
Наристенин чачын алгандан кийин тебелендиге таштабайт. Аны чогултуп жаздыктын ичине салып же мөмөлүү дарактын түбүнө көөмп коет.

Жаш баланын кийимин түнкүсүн сыртка калтырбайт. Караңгыдан пайдаланып шайтан аралайт деп коет.

Кыз баланы атасы көтөнүнөн өппөйт. Наристе кийин бактысыз, ырыскысы кем болуп калат деген ишеним бар.

Тили чыга элек баланы күзгүгө көрсөтпөйт. Тили чыкпай калат же кеч чыгат деп эсептешкен.

Ооруган баланы эмдетип келе жатып башка үйгө кайрылбайт. Үйгө түз келүү керек. Болбосо балага эм түшпөй калат деген ойдо болушкан.

Төрөлө элек балага алдын-ала эч нерсе камдабайт. Жарык дүйнөгө келе элек наристеге арнап кийим алынбайт, ат издеп койбойт. Анткени төрөлө элек бала адамдын колуна өткөнгө чейин Кудайдын баласы деп эсептелген.

Тили чыга элек наристенин караңгыда атын айтпайт. Аны жөн гана "алдей", "бала" деген сыяктуу сөздөр менен атайт. Болбосо албарсты угуп коет дешкен.

Наристенин таманынан өппөйт. Кежир, жалкоо болуп калат же айылчы болуп өсүп жумшаган жакка эмес, тескери басып калат деген ишеним болгон. Ошондой эле баланы таманынан кытыгылабайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0