БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин районундагы Красная көчөсүндө жашаган 50 жаштагы адам өз үйүнүн жанындагы бакка чыгып алып түшө албай калып, куткаруучулар аны түшүргөнүн ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
“Жаранды бактан жети куткаруучу түшүрүп, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле куткаруучулар Кара-Балта шаарынын Кыргызстандын 40 жылдыгы көчөсүндө жашаган кыздын жылытуучу батареяга кыпчытып калган бутун чыгарып беришти.