Авиакырсыктан жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 75 млн. сом чогулду

© AP Photo / Vladimir VoroninКрушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта "Манас"
Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-январда Дача айылына кулаган учактан 39 киши каза болгон. Үй-жайсыз калган жарандар "Семетей" мейманканасына убактылуу жайгаштырылган.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулаган учактан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган ӨКМдин атайын эсебине 74 миллион 379 миң 929 сом чогулду. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Эске салсак, 16-январда Дача айылына кулаган учактан 39 киши каза болгон.

"Атайын эсеп ачык. Каалаган жеке жана юридикалык тараптар каражат которо алат", — деп айтылат маалыматта.

Акча которууну каалагандар үчүн:

  • Эсеп номери 4407012100007868 КР Финансы министрлигинин борбордук казыналык банкы
  • БИК 440001,
  • Эсеп коду 14238900.
  • Ош шаары Моминов көчөсү,
  • 11 ОКПО 22710535 ИНН 00103200110150
  • Код УГНС 032

Акча ар кыл валютада — сом, рубль, теңге, доллар, евро, юань түрүндө кабыл алынат.

Дача айылындагы жашоо турмуш тууралуу Sputink Кыргызстан агенттиги даярдаган материлдан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0