Чоң-Алайга түшкөн калың кардан айрым айылдардын жолу тазалана элек

© Фото / Нурзада МукашеваЖолдорду кардан тазалоо иштери. Архив
Жолдорду кардан тазалоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калың кар Чоң-Алай, Жекенди айыл аймактарына түшкөн. Ал эми Кашка-Суу айыл аймагына кар анча калың жааган эмес.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Чоң-Алай районуна 4-февралда жааган калың кардын кесепетин жоюу боюнча аракеттер тынымсыз жүрүп жатканын Чоң-Алай райондук администрациянын аппарат жетекчиси Сайжидин Мыйзамов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал учурда жол тейлөө башкармалыгы Сары-Таш — Карамык жолун ачканын кошумчалады.

Местный житель на лошади, во время сильных снегопадов в Чон-Алайском р-не Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алай: белден келген кар, жабылган жолдор, жардам сураган айыл өкмөтү
"Жергиликтүү №16 жол тейлөө ишканасынын кармагындагы жолдор ачылды. Автожолдун айрым жерлерин кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Буюрса бүгүн, эртең жол толугу менен ачылып калат", — деди ал.

Мыйзамов калың кар Чоң-Алай, Жекенди айыл аймактарына калың түшкөнүн айтып, Кашка-Суу айыл аймагына кар анча калың жаабаганын кошумчалады.

Ал эми №16 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Абдрасул Кангелдиев жолду тазалоо дээрлик күнү-түнү жүрүп жатканын айтты. Учурда сегиз техника тынымсыз иштеп жатканын баса белгиледи.

"Азыр каз тамандуу техникадан бирөө эле иштеп жатат. Дагы кошумча бирөө суралды. Ал жолдо келе жатат", — деди ал.

Кангелдиев кар Шибе, Чулук айылдарына оор түшкөнүн, айылдын жолдорун тазалоо үчүн техника жөнөтүлөөрүн кошумчалады.

Ал мындай кырдаал 2012-жылы жаралганын, бирок кар мынчалык калың түшпөгөнүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0