Бишкектиктер сылык-сыпаа болууну үйрөнүштү

© пресс-служба мэрии города БишкекАкция, посвященная вежливости и учтивости в Бишкеке
Акция, посвященная вежливости и учтивости в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын уюштуруучулары кепте одоно сөздөрдү колдонбоого чакырып, чогулгандар улуу ойчулдардын ыр саптары, учкул сөздөрү менен таанышты.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы Тыныстанов атындагы №5 китепканада сыпаалыкка жана туура сүйлөөгө арналган акция болуп өткөнүн Бишкек мэриясы билдирди.

Иш-чараны шаардык борборлоштурулган китепкана системасы демилгелеп уюштурган. Ага калаа тургундары, студенттер жана окуучулар катышкан.

Уюштуруучулар кепке адамдын ар-намысына шек келтирген одоно сөздөрдү колдонбоого чакырып, сылык-сыпаалыкка үндөгөн баракчаларды таратышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0