БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине тез арада алкоголдук продукциялардын айлантылышы жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөл функциясын ишке ашырууда нормативдик-укуктук актыларды тартипке келтирүү боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн малымат кызматы билдирди.
Мындай буйрук өкмөттүн "Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндөгү" токтомун ишке ашыруу максатында берилген.
Белгилесек, бардык функциялардын МСКда топтолушу мамлекеттин алкоголдук тармактын өнүгүүсүнө карата көзөмөлүнүн төмөндөшүнө жана анын экспорттук мүмкүндүктөрүнүн кыскарышына алып келген. Функциялардын бөлүштүрүлүшү Айыл чарба министрлигинин алкоголдук продукцияны өнүктүрүү боюнча ыйгарым укугун чыңдайт.
Ошол эле учурда Мамлекеттик салык кызматында акциздик маркаларды берүү, спирт ичимдиктерин чыгарган ишканаларга салык постун коюу, салык рейддердин уюштуруу, акциздик салыктарды чогултуу милдеттери калды.