БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстандык үч компания Москвадагы "Продэкспо-2017" эл аралык жарманкесинде өз продукциясын көрсөтүп жатканын Россиядагы кыргыз элчилиги билдирди.
"Продэкспо" форуму Россия жана Чыгыш Европадагы азык-түлүк, суусундук жана ичимдиктерди өндүрүү жаатында эң кадырлуу иш-чаралардын бири болуп эсептелип, 20 жылдан бери Россиянын тамак-аш индустриясынын өнүгүү багытын аныктап келет.
"Анда Кыргызстандын атынан "Кыргыз коньягы", "Аю" дана "Абада Трейд" компаниялары чыгат”, — деп айтылат билдирүүдө.
Иш-чара дүйшөмбү күнү эшигин ачты.