Быйыл ажылыкка барчуларды каттоо электрондук түрдө гана жүргүзүлөт

© REUTERS / AHMAD MASOODЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтий ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү менен жолугушуп, ажылыкты уюштуруу жоопкерчиликтүү иш экендигин айтты.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Быйыл ажылыкка зыяратчыларды каттоо толугу менен электрондук түрдө болорун муфтий Максатбек ажы Токтомушев билдирди.

Муфтий ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү менен жолугушуп, ажылыкты уюштуруу жоопкерчиликтүү иш экендигин айтты.

"Үч жыл аралыгында ажылыкты уюштуруу жаатында чоң ийгиликтерге жетиштик. Муну Сауд Аравиясынын Ажылык министрлигинин орун басары шейх Хусейн Шариф биз менен болгон жолугушуусунда баса белгилеп, өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти. Быйылкы жылы дагы ажыларыбыз Сауд Аравиясынан жаңы автобустар ташый турганы белгилүү болду", — деди ал.

Учурда ажыларды каттоо үчүн өлкө аймагында 32 пункт иштеп жатат. Алардын ичинен Баткенде — 4, Ошто — 7, Ош шаарында — 1 пункт, Жалал-Абадда — 8, Таласта — 1, Нарында — 1, Чүйдө — 8, Бишкек шаарында — 1, Ысык-Көлдө — 1 пункт иш алып барууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0