Учак жүргүнчүсүнө жардам көрсөткөн Медакадемиянын студентине сый акы берилет

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүВакцинация против гриппа в Челябинске
Вакцинация против гриппа в Челябинске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төртүнчү курстун студенти учак ичинде эс-учун жоготкон аялга жардам көрсөткөн. Ал самолет Москва аэропортуна конгонго чейин аялдын жанында болгон.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Мамлекеттик медициналык академиянын студенти Темирлан Өмүрбеков Москвага учуп бараткан учак ичиндеги жүргүнчү аялга биринчи жардам көрсөткөнү үчүн ага окуу жай тарабынан сый акы берилерин окуу жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Медакадемия 40 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү тууралуу китеп чыгарды
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары 18-январда Бишкек — Москва рейсинин жүргүнчүсүнө биринчи жардам көрсөткөн студент тууралуу жазып чыгышкан. Эс-учун жоготкон аялды калтырак басып, инфарктка кабылуу коркунучу жаралганын анын ошол учурдагы абалы көрсөтүп турган. Учакта дарыгерлер жок болгондуктан, Медакадемиянын студенти жардамга кол сунган. Ал учак Москванын Домодедово аэропортуна конгонго чейин бейтаптын жанында болгон. Кийин аялды Тез жардам кызматы алып кеткен.

Студентке сый акы берүү чечимин окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова чыгарган. Ал Темирландын мындай кадамы башка студенттерге үлгү болушу керектигин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0