Кооптуу аймактарда кар көчкүлөр атайылап түшүрүлүүдө

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын алдын алуу максатында 5-февралдан 10-февралга чейин кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иш-чаралары уланат.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иш-чаралары уланууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Местный житель на лошади, во время сильных снегопадов в Чон-Алайском р-не Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алай: белден келген кар, жабылган жолдор, жардам сураган айыл өкмөтү
Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош (132-137, 198-255-чакырымдарында), Казарман — Актал-Чат жана Арал — Миң-Куш (67-94, 42-45 жана 1-10 чакырымдары), Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу (65-110, 140-150-чакырымдары), Ала-Бука — Каныш-Кыя жана Красная-Горка — Акташ (65-100 жана 1-9 чакырымдары) унаа жолдорунда коопсуздукту камсыздоо жана кырсыктын алдын алуу максатында 5-февралдан 10-февралга чейин кар көчкүлөрдү атып түшүрүү аракеттери жасалууда.

"Жайылда Бишкек — Ош унаа жолунун 132-133-135-чакырымдарында 12 снаряд атышып, жалпысы 38 000 метр куб, 198-чакырымында 8 снаряд атылып, жалпысы 7000 метр куб, 222-223-226- чакырымдарында 34 снаряд атылып, жалпысы 44 5000 метр куб кар көчкү түшүрүлгөн, унаа жолго жеткен эмес", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, Чаткал жана Тогуз-Торо райондорунда кар көчкүлөр атайылап түшүрүлүүдө.

Кар көчкү түшө турган аймактарды Sputnik Кыргызстан материалынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0