Бишкектин айрым бөлүктөрүндө төрт күнгө газ өчөт

Жазылуу
Ишкана көгүлтүр от берүү оңдоо иштеринен улам убактылуу токтотуларын белгиледи.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкектин бир катар бөлүктөрүндө төрт күнгө газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, көгүлтүр от берүү 6-10-февралга чейин токтотулат.

"Ылдыйкы Ала-Арча районунда, Коллекторный, Кыргыз көчөсү менен Совет көчөлөрүнүн кесилишинде, Кичи Чүй каналынын аймагында убактылуу газ берүү өчүрүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Ишкана газ берүү оңдоо иштеринен улам токтотуларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0