Бишкекте маркумдарга көр 5,8 миң сомдон 7,5 миң сомго чейин казылат

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDКөрүстөн. Архив
Көрүстөн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табыт менен гүлчамбарлардын баасы материалына жараша болсо, көр казуу кызматы 7,5 миң сомго чейин жетет.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкектеги сөөк көмүү боюнча агенттик көр казуу жана диний ырым-жырымдарды аткаруу кызматтарын көрсөтө тургандыгын мэриядан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, сөөк көмүү кызматынын сапатын жакшыртуу максатында алгылыктуу иш-чаралар жүргүзүлүп келет.

"Табыт, гүлчамбар жана башка керектүү нерселерди жасоого заказдар кабыл алынат. Ошондой эле боз үй, казан, отургучтар, сөөк жууш үчүн столдор дагы берилет", — деп айтылат маалыматта.

Көр казуу кызматынын баалары дагы ар кандай.

"Европалык типтеги көр казуу кызматы 5835 сом болсо, мусулмандар үчүн казанагы менен көр казуу 7440 сомду түзөт. Ал эми табыт менен гүлчамбарлардын баасы материалына жараша болот", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектеги сөөк көмүү боюнча агенттиктин балансында 464 гектар жерди ээлеген беш көрүстөн бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0