Бишкектеги коомдук транспорттун Wi-Fi зонасы кеңеет

Жазылуу
Линияга чыккан 105 троллейбустун баарына Wi-Fi менен мониторлор орнотулган. Алар февраль айы ичи тестирлөөдөн өтүп, колдонууга берилет.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы автобус жана троллейбустарда бекер Wi-Fi жабдыктарынын саны көбөйөт. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, шаар ичинде каттаган 96 автобуска бекер Wi-Fi менен GPS-навигаторлор орнотулган. Ошондой эле 100 автобуска атайын мониторлор орнотулса, алардын 60ы линияга чыгып жатат.

"Бүгүнкү күндө автотранспорттук ишкананын балансында 470 автобус бар. Алардын 160ы иштейт. Февраль айынын ичинде линияга чыккан автобустардын саны 120га жетет", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Бишкек троллейбус башкармалыгынын маалыматы боюнча линияга чыккан 105 троллейбустун баарына Wi-Fi менен мониторлор орнотулган. Алар февраль айы ичи тестирлөөдөн өтүп, колдонууга берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0