20:56 05 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4602
  • RUB1.0946
Милиция кызматкерлери. Архив

Сооронбай Жээнбеков ИИМдин негизги милдеттерин атады

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
22910

Өкмөт башчы ички иштер органдарынын кызматкерлери милициянын ар-намысын чыңдоого өзгөчө басым жасоосу тийиш экендигин белгилеген.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министрлигинин коллегиясында ведомствонун 2017-жылга карата негизги милдеттерин атады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жыйын учурунда премьер-министр укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо боюнча чаралар жөнүндө кеп кылган.

"Өкмөт башчы ички иштер органдарынын ишин оптимизациялоо, ИИМ борбордук аппаратынын санын кыскартуу, шаардык, райондук, айылдык жана жашы жете электер иши боюнча инспекторлордун санын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөт башчы ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жетишсиз деңгээлде болуп жатканына да токтолду.

"Коомчулукта айрым уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү өлкө ичинде коркпой, ээн-эркин жүргөнү тууралуу пикир аралап жүрөт. Албетте, алардын айрымдары колго түшүп жатат. Бирок көбүнчөсү – жаш балдар. Эмне үчүн кылмыштуу топтордун лидерлери кармалбай жатат?" — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери милициянын ар-намысын чыңдоого өзгөчө басым жасоосу тийиш экендигин 

Тема боюнча

Айбек Алтынбеков: ИИМ алдындагы окуу борбору иштебей жатат
Жээнбеков: ИИМ башчылыгына сунушталган киши кооз сүйлөй албайт, бирок таза иштейт
Белгилер:
милиция, милдет, ИИМ, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ