Адвокат: Салянова сурак материалдарын жарыялабоо боюнча УКМКга тил кат жазды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы башкы прокурор, азыркы депутат Аида Салянованын архивдик сүрөтү
Мурдагы башкы прокурор, азыркы депутат Аида Салянованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик комитет депутатты шаршемби күнү суракка алды. Салянованын адвокаты жаңы айыптоолор коюлбаганын билдирди.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы башкы прокурор, азыркы депутат Аида Саляновадан сурактын материалдарын жарыялабай сактоо боюнча тил кат алганын Sputnik Кыргызстан агенттигине эл өкүлдүн адвокаты Улан Жумаков билдирди.

Салянова Юстиция министринин милдетин аткарып турган маалда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатат. УКМК депутатты шаршемби күнү төрт саатка созулган суракка алган.

"УКМКнын кызматкерлери маалымат таратууга чектөө коюп, сурак материалдарын жарыялабоо боюнча депутаттан тил кат алган. Азырынча сурак лицензияга барып такалганын гана айта алам", — деди Салянова.

УКМК алдына чогулган тарапташтарына Салянова ыраазычылыгын билдирди - Sputnik Кыргызстан
УКМК алдына чогулган тарапташтарына Салянова ыраазычылыгын билдирди
Ал эми УКМК тил кат боюнча маалыматка түшүндүрмө берген жок.

Белгилей кетсек, 2016-жылы декабрь айында Башкы прокуратура Аида Салянованын үстүнөн юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып калыбына келтирип берген деп кылмыш ишин козгогон

Жаңылыктар түрмөгү
0